Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Үйлөнүү тойдо мушташкан достор көчө шыпырып жатышат. Бешөө 2 айга камалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы үйлөнүү тойдо мушташ чыгарган жолдоштордун баш коргоо чарасын Жалал-Абад шаардык соту карады.

Бүгүн, 11-ноябрда маалым болгондой, милиция кызматкерлерин ок атууга чейин жеткирген окуянын 13 катышуучусу 5 суткага камалып, коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилди. Ал эми, 5 адам 2 айга убактылуу камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Чыр тууралуу:

Күбөлөрдүн айтымында, 8-ноябрда Жалал-Абад шаарында Т.Сатылганов атындагы сейил бактын алдында тойго чыккан күйөө жолдоштор мушташып, милиция кызматкерлерине баш ийбегендиктен асманга эскертүү иретинде ок атылган.

«Күйөө жолдоштор кортеждер менен жарышып, эки тарап болуп мушташа кетишкен. Жолдошторду тынчтандырууга тартип сакчылары барышкан», - дешти алар.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдубековдун айтымында, Барпы театрынын алдында тойдогу жоро-жолдоштор мас абалда өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, жолдон өтүп жаткандарга ыңгайсыз абал жаратышкан. Ал жерге ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

«Коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар каршылык көрсөтүшүп, патрулчуларга жардамга келген кызматтык автоунаанын оң тараптагы күзгүсүн жана алдыңкы капотун талкалап салышкан. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок атып, андан кийин тополоң жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан», - дейт М.Турдубеков.

Ал маалымдагандай, бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) 3-бөлүмүнүн 3-пункту, 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1564
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×