Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Үйлөнүү тойдогу бейбаш достор: Жалал-Абадда ок атылгандан кийин кармалгандар 18ге жетти (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абадда үйлөнүү той өткөргөн жигиттин бейбаш жолдоштору убактылуу камакка алынды. Жалал-Абад ОИИБдин билдирүүсү боюнча, КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренеси менен 5 адам тергөө изоляторуна киргизилген. Бүгүн, 10-ноябрда алардын ичинен 2 адам Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынганы белгилүү болду. Калгандардын баш коргоо чарасын шаардык сот карайт.

Алардан тышкары 13 жигитке Административдик кодекстин 364-беренесинин негизинде протоколдор түзүлүп, 9-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан ар бири 5 суткадан камакка алынган.

Окуя тууралуу:

Жалал-Абад шаарында тойго бара жаткан күйөө жолдоштордун ортосунда мушташ чыгып, алгач Ноокен районунун тургундары — 10дон ашык адам кармалганы маалымдалган.

Күбөлөрдүн айтымында, 8-ноябрда Жалал-Абад шаарында Т.Сатылганов атындагы сейил бактын алдында тойго чыккан күйөө жолдоштор мушташып, милиция кызматкерлерине баш ийбегендиктен асманга эскертүү иретинде ок атылган.

«Күйөө жолдоштор кортеждер менен жарышып, эки тарап болуп мушташа кетишкен. Жолдошторду тынчтандырууга тартип сакчылары барышкан», - дешти алар.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдубековдун айтымында, Барпы театрынын алдында тойдогу жоро-жолдоштор мас абалда өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, жолдон өтүп жаткандарга ыңгайсыз абал жаратышкан. Ал жерге ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

«Коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар каршылык көрсөтүшүп, патрулчуларга жардамга келген кызматтык автоунаанын оң тараптагы күзгүсүн жана алдыңкы капотун талкалап салышкан. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок атып, андан кийин тополоң жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан», - дейт М.Турдубеков.

Ал маалымдагандай, бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) 3-бөлүмүнүн 3-пункту, 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11803
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×