Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Ак-Суу айылында милициянын аймактык пункту ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-ноябрда Аксы районунун Ак-Суу айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы А.Мамасейитов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Бул пункт райондун борборунан 85 чакырым алыста жайгашып, 6686 миң адам жашаган Ак-Суу, Ак-Сай жана Коргон-Төбө айылдарына кызмат кылат.

Курулушка жалпы 300 миң сом каражат жумшалып, ашар жолу менен курулган. Ага райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөт колдоо көрсөтүп, Ак-Суу айылынын жеке ишкерлеринин демөөрчүлүгү менен курулду. Курулушка салым кошкон атуулдар ИИМ тарабынан төш белгилер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 247
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×