Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо электриктерге атайын имарат курулду

Turmush -  Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Кыр ашуусундагы Жетиген көмөкчү чордонунун кызматкерлери үчүн иштеп, жашай турган имарат курулуп бүттү. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева кабарлады.

Анын айтымында, имарат Нарын көмөкчү чордонунун жардамы менен курулду. Курулушка 1 миллион 237 миң сом каражат жумшалган. Анын 1 миллион 290 миң сому айыл өкмөттүн эсебинен каржыланды. Имараттын жашоочулары үчүн 53 миң сомдук эмерек жабдуулар алынды.

Тогуз-Торо районунун калкын электр энергиясы менен Жетиген жана Нарын көмөкчү чордондору камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 146
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×