Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жеңеке: Акын Мырзайым жеңе эшектин өлгөнүн сурап, кайын журтун күлдүргөн (фото)

Turmush -  Чаткалдык акын кыз Мырзайым Айтимбетова Ала-Бука жергесине келин болду. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча салыкчы. 3-4 жылдан бери ыр жазып келет. Жолдошу Курманбек экөөнүн үйлөнүү тою 26-октябрда өттү.

«2-3 жылдан бери «Чаткал—Ала-Бука таланттары» аттуу концерт уюштурулат. Анын уюштуруучусу жолдошум Курманбек болчу. Чаткал менен Ала-Буканын таланттарын издеп, социалдык тармактарга жарыя жазыптыр. Бир курбу кызым менин телефон номурумду бериптир. Кийин мени менен байланышып, концертке катышууну сунуштаган. 2-3 жылдан бери аке-карындаштай жакын сырдаш болуп жүрдүк. Сезимдерин үйлөнөргө аз убакыт калганда эле билдирди», - деди ал.

Акын жеңе буга катар эле кайын журтунда болгон кызыктуу окуялары менен тааныштырды.

«Бир күнү ыр жазгым келди. Улам тапкан саптарымды телефонума жазып сактап коюп жаттым. Күндө кечинде ошол ойлор курчап, бүгүн бүтүрөм деп уктап калып жаттым. Ошентип 2-3 күнгө созулуп кетти. Ыр бүтөрүнө 1 сап калганда эртең менен туруп алып сөз издедим. Үйдөгүлөргө эртең мененки чайды берип жатып, баарына чай куйгам. Бирок дасторкондун четинде ойлонуп кетип, 2 кайын иниме чай куйбай коюптурмун. Анан бирөөсү «чай куюңуз» дегенсип кол жаңсап калды, аябай уялдым. Ошол күнү кечке бетим кызарып жүрдү.

Бир жолу апам, жолдошум, кайын иним болуп жумуш жасап калдык. Кошунабыздын небереси келип, «эшегиңиздерди берип туруңуздарчы, биздики чарчап калыптыр, суу алып келип алалы» деп калды. Мен «чарчап калды» дегени эшек өлүп калды дегениби?» десем апам аябай күлдү. Баарыбыз күлкүдөн жыгылып жатып калдык», - деди ал.

Мырзайым жеңе келечекте жолдошуна татыктуу жубай, балдарыма мээримдүү эне жана тарыхта калган акын болгусу келет.

«Үйдө апам ыр жазат. «Аккан арыктан суу агат» демекчи ыр жазуу апамдан өткөн окшойт. Төкмөлүк өнөрдү дагы акырындан өздөштүрүп жатам. Азырынча бул өнөрдө жаңы баскан наристедейбиз. Устатым — төкмө акын Элмирбек Иманалиев», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×