Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада искусство мектебинин мугалимдери сыйланды

Turmush -  Ала-Бука районундагы Үсөн Алыбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде мугалимдерди сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу райондун акимимин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын айтымында, искусство мектебин беш жылдан бери башкарып жаткан директор Үсөн Боронбаев райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы менен, ал эми ушул эле музыкалык мектептин комуз классынын мугалими Жылдызкан Орозбаева жана уз, сайма мугалими Даркүл Бабакулова жергиликтүү бийликтин алкыш баракчасы менен сыйланышты. Бул мектептин чыгармачыл жамааты Ала-Бука районунда өткөрүлгөн бардык салтанаттарга катышып, элге руханий байлык тартуулап келишет. Райондогу искусство мектебинде музыкага шыктуу 240 өспүрүм түрдүү аспаптар боюнча билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 157
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×