Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо үч футбол аянтчасы ишке берилди

Turmush -  Тогуз-Торо районунда балдар үчүн үч кичи футбол аянтчалары курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу акимдин орун басары Г.Султангазиева билдирди.

Анын айтымында, алардын бири Атай айыл аймагына караштуу Барктабас атындагы орто мектепте. Алгачкы кичи футбол аянтчасынын курулушуна республикалык стимулдук гранттан жана айыл өкмөттүн эсебинен 2 млн 650 миң сом бөлүнгөн.

Экинчи кичи футбол аянтчасы Атай айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылындагы Саймалуу-Таш орто мектебинде АРИС агенттиги менен демөөрчүлөрдүн 1 миллион 997 миң сом каражатына тургузулду. Үчүнчү кичи футбол аянтчасы Каргалык айыл аймагында турган М.Жаңыбаева атындагы орто мектепте 1 миллион 850 миң сомдук жергиликтүү бюджеттин каражатына курулуп бүткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 137
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×