Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абадда тойго бараткан күйөө жолдоштор мушташып, милицияга баш ийбеген 13 жигит кармалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында тойго бара жаткан күйөө жолдоштордун ортосунда мушташ чыгып, Ноокен районунун 13 тургуну кармалды.

Күбөлөрдүн айтымында, кечээ, 8-ноябрда Жалал-Абад шаарында Т.Сатылганов атындагы сейил бактын алдында тойго чыккан күйөө жолдоштор мушташып, милиция кызматкерлерине баш ийбегендиктен асманга эскертүү иретинде ок атылган.

«Күйөө жолдоштор кортеждер менен жарышып, эки тарап болуп мушташа кетишкен. Жолдошторду тынчтандырууга тартип сакчылары барышкан», - дешти алар.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдубековдун айтымында, Барпы театрынын алдында тойдогу жоро-жолдоштор мас абалда өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, жолдон өтүп жаткандарга ыңгайсыз абал жаратышкан. Ал жерге ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан.

«Коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар каршылык көрсөтүшүп, патрулчуларга жардамга келген кызматтык автоунаанын оң тараптагы артты көрсөткүч күзгүсүн жана алдыңкы капотун талкалап салышкан. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок атып, андан кийин тополоң жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан», - дейт М.Турдубеков.

Ал маалымдагандай, бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) 3-бөлүмүнүн 3-пункту, 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, толук тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча кылмышка шектүү делип Ноокен районунун 25-29 жаштардагы 13 тургуну кармалып, Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алардын айрымдары КРнын Административдик кодексинин 364-беренесинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, административдик протоколдор түзүлсө, калгандары КРнын ЖПКнын 94-беренесинин негизинде ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13299
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×