Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук Кумарбек 8 жылдан бери зергерчилик менен алектенет (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айылынын 26 жаштагы тургуну Өмүрзак уулу Кумарбек 8 жылдан бери зергерчилик менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкка кичине кезинен эле кызыгат. Зергерчиликти атайын ишканада иштеп жүрүп өздөштүргөн.

«Күмүштөрдү граммга жараша сатып алып жасайм. Жасалган нерсем чыныгы күмүш болсо граммы 35 сомдон бааланат. Мисалы чынжырча 2 же 3 күндө жасалып бүтөт. Жасалып даяр болгону 1 миң сомдон бааланат. Бул иш менен алектенгениме 8 жылдын жүзү болду. Көбүнчө кардарларым материалдарын алып келип, жасатып кетишет», - деди ал.

Зергер жигит үй-бүлөдө 3 бир тууган, эгиздин түгөйү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×