Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда облустук Барпы атындагы кыргыз драм театры 25 жылдык мааракесин белгиледи (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси жана маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу иш-чарага облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку жана атайын окуу жайлардын студенттери жана маданият менен искусствонун күйөрмандары катышты. Конокторго Барпы апыздын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында театралдык көрсөтүү тартууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы театрынын чыгармачыл эмгек жамаатын жана маданият тармагынын кызматкерлерин бүгүнкү кош майрамдары менен куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков театрдын жана маданияттын бир катар чыгармачыл инсандарын ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык алгандардын катарында КРнын эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев баш болгон ондогон өнөр инсандары болушту.

Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты өздөрүнүн 25-театралдык сезонун грузин элинин драматургу Антон Цагареллинин «Ханума» аттуу комедиясынын премьерасын элге тартуулоо менен башташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 291
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 27 адам окуп жатат)
×