Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулдагы жол кырсыктан тажикстандык 2 адам каза болду, жабыркагандар бар

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунда жол кырсык катталып, 2 адамдын өмүрү кыйылды. Алардан башка 2 жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин булактарга шилтеме берүү менен Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, бүгүн, 9-ноябрда саат 06:00 чамасында Токтогул районунун аймагында «Тойота Ипсум» унаасы башкарууну жоготуп, оодарылып кеткен.

Каза болгон адамдар Тажикстандын жарандары — 1973-жылы туулган К.М. жана 1964-жылы туулган М.Ф. Ал эми, жабырлануучулар — 1987-жылы туулган Т.А. Токтогул районунун тургуну болсо, 1965-жылы туулган Ч.Т. Тажикстандын жараны.

Учурда жол кырсыкка байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2064
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×