Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды (фото, өмүр баяны)

Turmush -  Бүгүн, 9-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттары төраганы шайлашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар мурунку төрага Мураталы Тагаевди бир добуштан колдошкон. Ага 29 депутат добуш берди.

Сессияда төрага шайлоо жана туруктуу комиссиянын курамын бекитүү маселелери каралган. Жаңы шайланган төрага: «Бул чоң жоопкерчилик, өз ишимди так аткарып жана ак иштеп, ишеничти актайм деп сөз берем», - деди өз сөзүндө.

Сессияны жаңыдан дайындалган М.Тагаев алып барууда. Ал күн тартибинде бүгүн төраганын орун басарын шайлап алууну сунуштап, туруктуу комиссия курамын кийинкиде кароо сунушун айтты.

Төраганын орун басары кызматына үч талапкер сунушталды. Алар: «Өнүгүү» партиясынан Бахадыр Исмаилов, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Муктарбек Тургунбаев, «Кыргызстан» фракциясынан Нурбек Аканов.

Жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Муктарбек Турганбаев жана «Кыргызстан» партиясынан Нурбек Аканов шайланды.

Мураталы Тагаевдин өмүр баяны

Аты-жөнү: Тагаев Мураталы Абдыкарович — Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы

Улуту: кыргыз

Билген тилдери: кыргыз, орус

Билими:

- Жалал-Абад коммерциялык институтунун Финансы жана кредит бөлүмүн жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Өмүр таржымалы:

- 1996-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин «Баатыр-Ата» акционердик коомунда эсепчи;

- 2000-жылга чейин «Баатыр-Ата» акционердик коомунда экономист;

- 2001-жылдын март айына чейин Кыргызстандын президентине караштуу баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссиясынын катышуучуларынын кесиптик ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүсү;

- 2002-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын президентине караштуу баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссиясынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн 1-даражадагы адиси;

- 2003-жылдын апрель айына чейин Кыргызстандын президентине караштуу баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссиясынын баалуу кагаздарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2006-жылдын октябрь айынан 2007-жылдын февраль айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын юридикалык жактардын төлөмдөрүн жана салык чогултууну көзөмөлдөө секторунун Сузак району боюнча тескөөчүсү;

- 2007-жылдын июль айына чейин Мамлекеттик салык инспекциясынын салык карыздары боюнча иштөө бөлүмүнүн Сузак районундагы тескөөчүсү;

- 2009-жылдын май айына чейин «Баатыр Ата» акционердик коомунун аткаруучу директору;

- 2009-жылдын август айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын каржы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2010-жылдын сентябрь айына чейин Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын каржы бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2012-жылдын декабрь айына чейин «Тагай Бий» соода-тиричилик борборунун башкы директору;

- 2014-жылдын сентябрь айына чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 436
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×