Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы рейд учурунда 21 мас айдоочу кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин «Көңүл бургула, балдар!» жана «Коопсуздук куру» аталыштагы республикалык деңгээлдеги рейд жүрдү.

Патрулдук милициянын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери рейд учурунда жол кыймылынын эрежеси сакталбагандыгы үчүн 1116 административдик протокол толтуруп, мас абалда унаа башкарып бара жаткан 21 айдоочуну аныкташты.

Иш-чаранын алкагында жол кыймылынын эрежесин сактоо боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1526
Көп окулду
×