Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Шамалды-Сайда 4,5 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагынын Шамалды-Сай айылында 60 орундуу күрөш залы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айылдын аксалдары катышты. 5,5 миң калкы бар элеттиктерге мындай спорт зал биринчи жолу курулууда.

Азыркы тапта айылдан 100дөн ашуун балдар келип, машыга башташты. Имарат салууга Ноокен райондук өнүктүрүү фондунан жалпы 4,5 миллион сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 212
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×