Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө бир үй-бүлөдөн 4 адам кырсыкка кабылды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жол кырсык катталды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсык бүгүн, 8-ноябрда саат 15:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун 389-чакырымында болуп, «Жигули» менен «Тойота Камри грация» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. «Жигули» унаасынын ичинде Таш-Көмүр шаарындагы үй-бүлө (4 адам) жана экинчи унаада айдоочу болгон.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, «Тойота» унаасын 20 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 717
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×