Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата митинг-реквием өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-ноябрда Кара-Көл шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата митинг-реквием болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага шаардын вице-мэри Г.Сатарова, мэриянын өкүлдөрү, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, №718 аскер бөлүгүнүн жоокерлери жана кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуу Ата Мекендик согушта жана Ооган согушунда каза болгондордун, Т.Сатылгановдун жана В.И.Лениндин эстелигине гүлчамбар коюлду. Ошондой эле, үркүндө, репрессияда каза болгондорго жана мамлекеттин түптөлүшүнө салым кошкон жарандардын жаркын элесине арналып куран окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 255
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×