Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 08.11.2017 13:24

Ала-Букада аялдардын тарыхтагы ордуна баа берилди

Turmush -  Ала-Бука районунда 7-ноябрда Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын билдиришинче, эскерүү күнү райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында ачылып, ага 200дөй адам катышты. Эскерүү кечесин алып барган райондун акими С.Акпаралиев бул күндүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Эскерүү күнүндө райондук аялдар кеңешинин төрайымы Айсара Көчөрованын баяндамасы башкалардан айырмаланды. Ал Улуу Октябрь революциясынын шарапаты менен Кыргыз мамлекети өзүнчө өлкө болуп түптөлгөндүгүн, аялдар тең укуктуулукка жетишип, баштарынан паранжыны алып ташташкандыгын, эркектер менен бирдей эркиндикке чыгып, эски ырым-жырымдардан арылып, билим алууга жетишкенин, азыркы күндө өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кыз-келин, аялдар зор күч болуп жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×