Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө аламан байгеге түшкөн таластык 12 жаштагы Нурдин жеңил унаа утуп алды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 7-ноябрда өткөн ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аламан байге боюнча мелдеште Талас облусунун 12 жаштагы тургуну Орозбек уулу Нурдин Нуркашка күлүгү менен баш байгени багындырып, «Жигули» унаасына ээ болду. Байгени шаардын мэри И.Еркеев менен демөөрчүлүк кылган компаниянын башкы директору салтанаттуу тапшырды.

Күйөрмандардын айтымында, алар №6 чабандеске «Бабанов» деген каймана ат коюп, сүрөп жатышкан. Анткени ал 21 чакырымга чабылган мелдеште биринчи келе жатып, акыркы айлампада жеңишти №9 чабандеске алдырып жиберди.

Мындан тышкары, көк бөрү боюнча мелдеште Токтогулдун Терек-Суу айылынын улакчылары баш байгени жеңип кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×