Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда өрт кырсыктан улам үйсүз калган 8 үй-бүлө жаңы үйгө киргизилди (фото, видео)

Turmush -  Чаткал районунда үйү өрттөнүп кеткен үй-бүлөлөр жаңы үйгө киргизилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка караганда, 8 үй-бүлө жаңы конуштуу болушту.

Буга чейин маалымдалгандай, Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Эшалы Болуш дарегинде жайгашкан барак тибиндеги жатаканадан 18-августка караган түнү саат 01:25 чамасында өрт чыгып, 8 үй жана «Ваз-3110» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт кырсыктын кесепетинен 8 үй-бүлө үйсүз калган. Аларга мамлекет тарабынан үй курула баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 343
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×