Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондогу мугалимдер менен маданият кызматкерлери тарыхый күндөрдү сахналаштырып көрсөтүштү

Turmush -  Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунда дагы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага акимдин биринчи орун басары К.Тилекеев, орун басары З.Адышова, Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Э.Тарыхчиев, райондун активи жана жергиликтүү тургундар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанаттын алкагында маданият кызматкерлери менен мугалимдер 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштү, Улуу Октябрь Социалисттик революциясын жана репрессияны сахналаштырып көрсөтүштү. Иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен улантылды.

Ошондой эле, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата көргөзмөлөр, спорттук мелдештер уюштурулган. Бул иш-чаралардын активдүү катышуучуларын райондук мамлекеттик администрация ардак грамоталар менен сыйлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 408
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×