Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Кара-Көлдөгү улуттук ат оюндардын жеңүүчүлөрү 2 унаа жана 260 миң сом байге алышат

Turmush -  Бүгүн, 7-ноябрда Кара-Көл шаарында улуттук ат оюндар боюнча чоң масштабдагы мелдеш уюштурулду. Аны мэр И.Еркеев ачып, 7-8-октябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү экенин белгиледи, деп маалымдайт кабарчы.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү гидрокуруучулар З.Серый, К.Хуриев жана М.Сабировду эскерип, эстелигине гүл коюшту.

«Биздин ата-бабалар кыргыз эли тарых барактарында өчпөс болуп орун алышына, азыркыдай эркин мамлекет катары өнүгүшүнө зор салым кошту. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Ошол улуттун баары бир тууганбыз. Биз ынтымакта кыргыз өлкөсүн  өнүктүрөбүз деп ойлойм», - деди мэр.

Бүгүнкү мелдештердин баш байгесине демөөрчүлөрдүн колдоосу менен эки жеңил унаа коюлган. Анын бири көк бөрүнүн жеңүүчүсүнө, экинчиси аламан байгенин жеңүүчүлөрүнө тапшырылат. Мындан сырткары, 260 миң сом акчалай байге бар.

«Биздин негизги максат — шаарыбыздагы жана Талас, Ош, Баткенден келген улуттук оюндарды аздектеген спортчуларды колдоо жана жалпы кыргыздын башын бириктирип, ынтымагын чыңдоо», - деп кошумчалады мэр.

7-8-октябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чаранын алкагында шаардын имамы Бектен Ажы Керезбаев ата-бабалардын арбагына багыштап куран окуду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бүгүнкү улуттук ат оюндардын катышуучулары өлкөнүн райондорунан чогулушкан. Улак тартыш оюну кечээ, 6-ноябрда башталып, 13 команданын ичинен 6 команда бүгүнкү финалдык бөлүккө жолдомо алган болчу. Майрамдык иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр салтанаттуу түрдө сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 718
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×