Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында ата-бабаларды эскеришти (фото)

Turmush -  Бүгүнкү эгемен, жаркыраган Кыргызстан үчүн эмгегин, өмүрүн берген, улут көчүнүн узак жолунда ар кандай кыйын тагдырга туш болгон ата-бабаларды, улуу тарыхты барктамайынча кийинки жол түз болбойт. Мындай чакырык Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган реквиемде айтылды.

Ата-бабаларды эскерүү иш-чарасында ХХ кылымдын 30-жылдарында кыргыз элинин, улуттук элитанын башына түшкөн оор окуялар сахналаштырылып көрсөтүлдү, деп билдирди кабарчы. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын эмгек жамааттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар борбордук аянтка чогулушуп, репрессияга туш болгон аталарды эскеришти.

Ал эми, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, аксакалдар жана жаштар кыргыз эли өз баалуулуктарын, тарыхын унутпай, өзү тандаган жол менен кетиши зарылдыгын белгилешти. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 270
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×