Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Райкомол айылынын эли көпүрө курду (фото)

Turmush -  Аксы районунун Райкомол айылында көп жылдан бери курулбай келген көпүрө ашар жолу менен курулду. Бул тууралуу Райкомол айылынын башчысы Индусбек Токтобаев билдирди.

Анын айтымында, көпүрөнүн курулушуна айыл өкмөт жана чет өлкөлүк уюмдар акча каражатын бөлүп беришкен.

«Райкомол айылында жөө адамдар жана мал өтүүчү көпүрө курулбай, көйгөй жаралып келген. Быйыл айыл өкмөт тарабынан материалдык жардам берилип, жергиликтүү тургундар ашар жолу менен куруп бүтүрүштү», - деди ал.

Айылда 300гө чукул эл жашайт. Жайытка жана жаңы конуштарга өтүүчү көпүрөнүн жоктугу көйгөй жаратып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 329
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×