Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда 251 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундарга 251 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

Анын айтымында, 251 үй-бүлөнүн ар бирине 1 тоннадан акысыз көмүр таратылды.

«Айыл өкмөттө 80 жаштан ашкан карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 тоннадан көмүр таратылды», - деди ал.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Тегене айылында көмүр казылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 314
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×