Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош унаа жолундагы кырсыктан 8 адам каза болду, арасында 1,5 жаштагы бала бар (толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек—Ош унаа жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыктан 8 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн түнкү саат 00:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы 457-чакырымында «Стэпвагон» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери О 57-98 АG) унаа менен «МАН» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номери 01378 РА) газ ташуучу автоунаа бетме-бет кагышкан. Жол кырсыгынан 4 эркек, 3 аял киши жана 1,5 жаштагы бала каза болду.

Каза болгон адамдарды Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга алып кетишти. Ооруканага 2 адам оор абалда тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген. Каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары келген. Алар каза болгон адамдардын денелерин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. ӨКМдин №57 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары өрттү өчүрүшкөн, №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары менен тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарды ооруканага жеткиришип, кошумча куткаруучулар «Стэпвагон» унаасын жолдун четине чыгарышкан.

Turmush басылмасынын кабарчысына белгилүү болгондой, каза болгондор Өзгөн районунун тургундары болгон.

Маалыматка караганда, Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылынын К.Ш аттуу тургуну «DAF» (мамлекеттик номери XF95Д) үлгүсүндөгү унаасы менен Ош тарапка бара жатып, рулду башкара албай, жолдун сол тарабына оодарылып, карама-каршы келе жаткан «Стэпвагон» унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана «Стэпвагондун» жүргүнчүлөрүнүн баары окуя болгон жерде каза болушкан.

Кийинчерээк ӨКМдин басма сөз кызматы жол кырсыктан 10 адам каза болгонун маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 37140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
serVer
15:31, 06 ноября 2017
Эмнесин, кай бирин айталы, ары жок бийликтин алсыз абалынан, алтын баштар минтип жалган менен кош айтышып, оо дүйнөнү көздөй кете берет, эгер ылайык чаралар көрүлбөсө. Ымыркайда эмне күнөө? Калжыраган бийлигиң жол менен иши жок болуп, керт башынын амандыгын көчүгүнө кысып олтурса, кудай бир сактасын эле деген заман да. Бардыгы бирине бири байланыштуу? Көзөмөл кыла турган машине аңдыган иттериң ал жерде түндө турбай калсын, жолду экиге бөлүп турчу белгини маңчыркагандар чийбей калсын, жолдун тйиштүү белгилерин орнотбой калсын, алардын жолдо жүрүүчүлөрдүн ден-соолугу менен иши болбой калсын чөнтөгүнө таңууланып акча түшүп жатканда, кыргыздын тагдыры менен иштери деле болбой калсын да. Эмне деген шумдук бул? Аттиң, кылымдан-кылмга, жоо менен чабышып кырылбаган кыргызым, маңкурт болгон бир чиновниктин чөнтөгүнүн айынан жолдо кырылып бүтө турган болду. Баракелде, чиновниктер силер жашагыла! Калганыбыз кырылалы, кыйрайлы, кара жер жутуп эле кетсе силерди ылайым!
Нет аватара
as_marco
12:02, 06 ноября 2017
Когда же закончится? когда же эти лихачи начнут ездить нормально! 8 человек - какое горе , выехать на встречку! на таких трассах должны давно стоять перегородки всречных движений, у нас каждый денб умирает столько невинных людей, никакой кудай Аллах им не поможет, пока мы тупо не поставим безопасые дороги с ограничителями и надзором! все летят пол этой дороге обгоняют, молодые не опытные ребята пытаются доехать быстро чтобы больше зараьотать, никакого контроля за их деятелбностью! гаишники тупо спят или делают деньги им вообще пофиг на жизни людей! вот в таком гавне мы и живем! Жалко людей, на шее каждого чиновника это все! никто не работает во имя улучшения системы все хотят служить ей и подердивать ибо оно приносит деньги а люди пусть умирают зато карманы толстеют! ненавижу ..................
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×