Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдүн маданият кызматкерлери Ыйман, адеп жана маданият жылында көп ийгиликтерге жетишти

Turmush -  Кара-Көл шаарынын өнөрпоздору Ыйман, адеп жана маданият жылында өткөн сынактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу шаардын маданият бөлүмүнүн башчысы маданияттын мыкты кызматкери, Р.Абдыкадыров атындагы төш белгинин ээси Айнагүл Жолдошова билдирди.

Анын айтымында, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата шаарда көптөгөн иш-чаралар, кароо-сынактар өткөрүлдү.

«Быйыл Кара-Көл шаарында «Ойно аккордеон» теле сынагы өткөрүлдү. Ага 10дон ашык аккордеончу айым жана мырзалар катышып, аккордеон жана фольклордун коштоосунда ырдашты. Ушул жума теле берүүдөн көрсөтүлөт. Мындан тышкары, «Эл ичи - өнөр казынасы» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү облустук турга катышып, 2-орунга ээ болуп, 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Анын ичинде Н.Орманкулованын дизайнер - тигүүчүлүк эмгегине таандык «Этно мода» көргөзмөсү жана «Ак тилек» менен «Ак саамай» байбичелер тобунун акыйнек айтышуу номери, «Жаш-Кыял» бийчилер тобу «Туулган айылым» бийи менен облустук турда жеңүүчү болуп табылып, жакында өтүүчү республикалык турга катышкан жатышат. Ошондой эле «Ак тилек» байбичелер тобу «Шайыр апалар» теле долбоордун экинчи айлампасына катышып, ийгиликтерге жетишти. Жакында Талас шаарында өткөн «Салттуу маданият» жумалыгынын алкагында өткөн республикалык кароо-сынакта биздин таланттуу өнөрпоздорубуз алдыңкы орундарды ээлеп кайтты. Ага Жалал-Абад облусунун атынан биздин манасчы Салимбай Турсунбаев менен комузчу Тахмина Макешова катышты. Жыйынтыгында С.Турсунбаев 2-орунга ээ болуп, 70 миң сом сыйлык, ал эми Т.Макешова 5 миң сом сыйлыкка ээ болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 24 адам окуп жатат)
×