Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Өзгөчө тойлор: Жалал-абаддык эгиздер Асан менен Үсөн эгиз кыздарга үйлөнүп, өзгөчө той өткөрүштү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынын 25 жаштагы тургундары — эгиздер Асан менен Үсөн Токтосуновдор Ош шаарынын 21 жаштагы тургундары — эгиздер Нуркыз жана Гүлкыз Турдалиеваларга үйлөнүшүп, бирге үлпөт той өткөрүштү. Эгиздер өзгөчө өткөн үлпөт той тууралуу аймактык кабарчыга айтып беришти.

Үсөн Токтосуновдун айтымында, ал болочок жубайы менен интернет аркылуу таанышкан.

«Москва шаарында жүргөндө социалдык тармак аркылуу Нуркыз менен таанышып калдым. Көп өтпөй жолугушууну сунуштасам, ал эгизин ээрчитип келерин айтты. Алар менен жолугушуу үчүн Кыргызстанга келдим, жолуккандан кийин жакындан таанышып, сүйлөшүп отурдук. Бири-бирибизди көргөндө эле жактыруу сезимдер пайда болду. Ошондо менин дагы эгизим бар экендигин айтып, Асан менен тааныштырдым. Кийин баш кошуп, чогуу той өткөрүүнү сунуштадым. Ата-энелерибизге кабарлаганда алар абдан сүйүнүп, кубанычтары койнуна батпай, аябай жакшы кабыл алышты. Кичинекей кезимде эгиз кыздарга үйлөнөбүз деп ойлогон эмесмин, биздин тукумда биринчи төрөлгөн эгиздербиз. Нуркыз менен 2 жыл 4 ай сүйлөшүп баш коштук», - деди ал.

Алар Нуркыз менен Гүлкызга кыргыздын улуттук каада-салты менен үйлөнүшүп, үлпөт той өткөрүштү.

«Ата-энем кыргыздын каада-салтына ылайык эгиз келиндерине сөйкө салуу жөрөлгөсүн кылышты. Үйгө келгенде экөөнү эки башка көшөгөгө отургузушту. Азыр баарыбыз чогу бир үйдө жашап жатабыз. Башында даярданып жатканда билинген эмес, той күнү аябай толкундадым. Тоюбузда ойдогудай сонун өттү», - деди А.Токтосунов.

Асан менен Үсөн тогуз бир туугандын кичүүсү. Нуркыз менен Гүлкыз жети бир туугандын үчүнчүсү жана төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11227
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×