Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көл шаардык китепканасы республикадагы мыкты китепкана деп табылды

Turmush -  Кара-Көл шаардык китепканасы «Мыкты шаардык китепкана» деген наамга ээ болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган дипломду элдин руханий маданиятынын калыптанышына, окурмандардын керектөөлөрүн канааттандырууда жигердүү ишмердүүлүгү жана китепкана ишинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Маданият, маалымат жана туризм министирлиги тарабынан тапшырылды. Сыйлык «Таза коом» долбоорунун алкагында «Коомдук китепканалардын ролу» аттуу республикалык 9-форумдун алкагында ыйгарылды.

Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошованын айтымында, шаардык китепкана жергиликтүү бюджеттен каржыланып, шаардын окурмандарын тейлеп жатат.

«Китепкана жаңы эмеректер менен жабдылган. Китеп кербени уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен биздин китепкана республикадагы мыкты китепкана деп табылып, принтер жана диплом менен сыйландык. Китепканага жергиликтүү бюджеттен 790 миң эмеректер алынып, ал эми оңдоп-түзөө иштерине 2 млн сомдой каражат жумшалган», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3318
Көп окулду
×