Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 50 жыл мурун курулган №2 инновациялык мектеп 16,7 млн сомго оңдолуп жатат

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоо иштери башталды.

Мэр И.Еркеевдин айтымында, аталган мектепти оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 16 миллион 700 миң сом бөлүнгөн.

Мектептин директору С.Жумабекованын айтымында, 30-октябрдан тарта жалал-абаддык фирма тарабынан имараттын чатырын оңдоо иштери башталды.

«Учурда биз 5-класстан 11-класска чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы филиалынын карамагындагы барак тибиндеги эки имаратка көчтүк. Ал эми 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларды көчүрүү маселеси каралып жатат. Бул мектеп 1967-жылы курулган, ошол жылдан бери биринчи жолу оңдоо иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×