Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы ооруканага 700 миң евролук аппарат алынып, министрдин катышуусунда операция жасалды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборуна баасы 700 миң евролук ангиографикалык аппарат орнотулуп, сыноодон өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Борбордо бул аппарат менен министр Талантбек Батыралиевдин жана белгилүү кардиохирург, медицина илимдеринин доктору Калдарбек Абдрамановдун катышуусунда 62 жаштагы бейтапка ийгиликтүү операция жасалды.

«Бул аппарат Японияда жасалган. Аппарат менен адамдын организминдеги бардык кан тамырлардагы оорулар аныкталып, дарыланат. Жалпылап айтканда универсалдуу аппарат. Ошондуктан бул Кыргызстандагы уникалдуу аппараттардын бири болуп эсептелет. Аппараттын баасы 700 миң еврону түзөт. Министр өзү аппаратты иштетип көрүп, биринчи операцияны өзү баштап берди», - дейт борбордун жетекчиси К.Абдраманов.

Ошондой эле, министр штат бирдиги маселесин чечип бермей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 570
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×