Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-көлдүк немис тилчи Н.Нусубалиева сынактан жеңүүчү болуп, Германияга жолдомо алды

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин мугалими Нурия Нусубалиева билимин жогорулатуу үчүн Германияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мектептин директору С.Жумабекова билдирди.

Анын айтуусунда, Н.Нусубалиева Германияда 3-ноябрдан 27-ноябрга чейин өтүүчү семинарга катышып, билимин жогорулатат.

«Бул семинарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн немис тилчи мугалимдер арасында республикалык сынак өткөрүлдү. Ага өлкөнүн булуң-бурчундагы немис тилин тереңдетип окутуучу мектептердин немис тилчи мугалимдери катышып, 7 мугалим билимин өркүндөтүү үчүн Германияга жолдомо алышты. Анын бири Кара-Көл шаарынан биздин мугалим Нурия Нусубалиева болду. Ал 33 жылдан бери бул мектепте эмгектенип келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 736
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×