Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда түшүм майрамы белгиленип, жаңы 6 трактор көргөзмөгө коюлду (фото)

Turmush -  Чаткал районунда түшүм майрамы белгиленип, жаңы келген 6 трактор көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, майрамдык иш-чарада аким Канжарбек Эшалиев алдыңкы айыл чарба кызматкерлерине ардак грамоталарды тапшырды.

Ошондой эле, экологиялык таза айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, АРИС жана Чаткал өнүктүрүү фондунун каражаттарына алынган 6 трактор эл назарына коюлду. Анын ичинен 2 трактор Чаткал айыл аймагына, ал эми 4 трактор Каныш-Кыя айыл аймагына тиешелүү. Жакынкы мезгилде Каныш-Кыя айыл аймагына 2 трактор жана 1 комбайн алынып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 25 адам окуп жатат)
×