Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө маданият кызматкерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын маданият кызматкерлери кечээ, 2-ноябрда кесиптик майрамын белгилешти, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алгач шаардык мэриянын өкүлдөрү Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган маданий иш-чараларга, коомдук иштерге активдүү катышкан кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты. Мэриянын ардак грамотасы менен Балдар музыкалык мектебинин китепканачысы А.Таева, «Энергетик» маданият үйүнүн маданий массалык уюштуруучусу Б.Абдразаков, Балдар музыкалык мектебинин комузчулары А.Батырова менен Р.Ажыкуловалар сыйланды.

Ошондой эле, шаардык маданият бөлүмүнүн грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен «Энергетик» маданият үйү, шаардык китепкана, «Жаш-Кыял» ансамблинин көркөм жетекчиси А.Култаева, өнөрпоздор сыйланды.

Иш-чаранын соңку бөлүгү «Ыр майрам» сынагы менен коштолуп, ага мекеме-ишканаларда эмгектенген жана эл ичиндеги өнөрпоздорун баары катышып, фольклор, хор, макал-лакап айтышуу жаатында таймашты. Маданият кызматкелеринин кесиптик майрамына арналган концертке келген тургундарга жагымдуу маанай тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 433
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×