Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Turmush -  Аксы районунда бүгүн, 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Аларды акимдин орун басары Зарипа Калматова майрамы менен куттуктап, иштерине албан ийгиликтерди каалоо менен бирге маданияттын 5 кызматкерине Аксы райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамоталарын тапшырды.

З.Калматованын айтымында, салтанатка азыр иштеп жаткан маданият кызматкерлери менен бирге ардагер маданиятчылар да катышты. Иш-чараны өткөрүүгө акимиаттын резервдик фондунан 10 миң сом бөлүнгөн.

«Райондо маданият тармагында 106 адам иштейт. 27 айылдык, бир борборлоштурулган жана бир балдардын китепканасы, бир музыкалык мектеп, тарыхый-этнографиялык музей, айыл-кыштактарда 15 маданият үйү жана райондук бир маданият үйү бар», - деди акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 570
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×