Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жаңгак сезону: Жалал-абаддык ишкер айым мээнин иштешин жакшырткан өзгөчө кыям жасап сатууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек айылынын 60 жаштагы тургуну Чынара Чукатаева быша элек көк жаңгактан жана жаңгактын маңызынан кыям жасап, сатыкка чыгарууда. Элеттик ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Ч.Чукатаеванын айтымында, жаңгактын кыямы ден соолукка абдан пайдалуу экендигин көпчүлүгү биле бербейт.

«Акыркы 5-6 жыл аралыгында тоодон кожогат, бөрү карагат жана карагат терип келип, кыям кайнатам. Жаңгак токоюнан ижарага аянт алып, жаңгактардын мөмөсүн терип алабыз. Толук быша элек, көк мезгилинде кыямдын биринчи түрүн, ал эми бышкан кезде анын маңызынан кыямдын экинчи түрүн жасайбыз. Бул кыямдар адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу. Аны көпчүлүк биле бербейт. Маңыз менен балдын аралашмасы адамдын иммунитетин жогорулатып, эс тутумун жакшыртат.

Жаңгактын маңызынын түзүлүшү адамдын мээсинин түзүлүшүнө окшош болот. Ал эми мээ адамдын баардык органдарын толук иштешине шарт түзүп берет. Андыктан мына ушул жаңгактын да мээге, кан басымга жана эң негизгиси иммунитетти көтөрүүгө кошкон салымы эң сонун. Мисалы, эртең менен ач карын бир чай кашык бал аралашкан жаңгак жеген адамдын ден соолугу чың, жүрөгүнүн согушу да өз ордунда болот. Ал эми көк жаңгактын кыямы зоб илдети менен ооругандар үчүн эң пайдалуу. Анткени ал тамактагы шишип турган зобду жок кылуучу касиетке ээ экен», - дейт ал.

Ч.Чукатаева эми жаңгактын маңызынан кыям даярдоочу завод ачууну пландап жатат.

«Өзүбүздүн үлүш жердеги жаңгактар май айында жаңы көк түскө кирип, ичинде мөмө пайда болуп жаткан мезгилде терип алып, шекерге чылап кыям жасайм. Көк жаңгакты казанга салып кайнатканда өзгөрөт, ошол мезгилде кыям бышып калган болот. Аны 500 граммдык банкаларга куюп, сактап коём. Сезону келгенде дүкөндөргө алып барып сатыкка чыгарам. Кээде кошуна, тууган-уруктарга 250 сомдон сатам. Жаңгактын кыямын даярдоо бир топ кыйынчылыкты жараткандыктан биз үй-бүлөбүз менен келиндерим, балдарым менен чогуу жасайбыз. 60 жашка чыкканда ишкерлик менен алектенем деп эч ойлогон эмесмин. Эми бул ишти кеңейтип, долбоор жазып, чет элдиктер менен иштешүүнү пландап жатабыз. Келечекте жаңгактан кыям даярдоочу завод ачсам дейм. Эгер ушул оюмду ишке ашырсам, айылдагы жумушсуздукту бир аз болсо да жоёт элем»,- деди элеттик ишкер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1753
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×