Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Өрүктү айылында 60 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-ноябрда Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 60 орундуу А.Пирматов атындагы балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге райондун акими С.Акпаралиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Жаңы ачылган бала бакча толук кандуу материалдык техникалык жабдуулар менен камсыздалып, балдар үчүн жаңы керебеттер алынган.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулованын маалыматына караганда, Ала-Бука районунда бала бакчалардын саны 30га жетти. Жыл башынан бери райондо 3 жаңы бала бакча ачылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1566
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×