Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Арстанбаптагы «Кыргыз жаңгак» фестивалында көргөзмөлөр уюштурулду (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында «Кыргыз жаңгак» фестивалы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган фестивалга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Фестивалдын жүрүшүндө жаңгактан жасалган даамдар жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көргөзмөгө коюлду.

«ЖАЙЗЕТ программасынын жардамы менен жыл сайын мына ушундай фестиваль өткөрүлүп турат. Быйыл төртүнчү жылы өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты — дүйнө жүзүнө кыргыз жаңгагын даңазалоо. Биздин кызматкерлерге, жалпы эле токой пайдалануучуларга токойду туура пайдалануу тууралуу ар кандай окутуулар жүргүзүлүп жатат. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, бул фестивалды Арстанбап токой чарбасында өткөрдүк. Акыркы беш жылдан бери биздин жаңгактар Европа өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат», - деди уюштуруучу Кайыркүл Казылаева.

Жалал-Абад облусунда 15 токой чарбасы, 4 өз алдынча токойчулук, 1 токойду коргоо жана сактоо станциясы, 4 мамлекеттик корук, 3 улуттук жаратылыш паркы жана 27 структуралык бөлүмдөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 499
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×