Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 01.11.2017 16:01

Чаткалда кош бойлуу келин жайлоого чыгып кеткендиктен ВИЧ илдети кеч аныкталган

Turmush -  Чаткал районунда кош бойлуу аял жайлоого чыгып кетип, ВИЧ илдетине чалдыкканы кеч аныкталган. Мындай пикирди облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Элмира Сатарова кечээ, 31-октябрда саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр талкууланган жыйында билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аял каттоого турганы менен ВИЧ илдетине текшерилген эмес.

«14 жумалык кезинде каттоого турганда эле ВИЧ илдетине анализ алынышы керек болчу. Кош бойлуу аял Ала-Букада текшериле турганын айтып, ошол бойдон жайлоого чыгып кеткен. Бирок дарыгерлер өз учурунда аялдан анализ алышы керек болчу. Убагында илдет аныкталып, убагында дарылоо иши башталмак. Ал эми бул аялды дарылоо кеч башталып калды. Болгон күч-аракетибизди жумшап, бала таза төрөлүп калсын деп тилеп жатабыз», - дейт дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×