Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.11.2017 14:48

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, полковник А.Мамасейитов «Даңк» медалы менен сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында кыргыз милициясынын 93 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чарага ички иштер органында кызмат кылган ардагерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, фискалдык органдардын жетекчилери катышты. Алгач гимн ырдалып, салтанатты Жалал-Абад ОИИБдин башчысы куттуктоо сөзү менен ачты.

Иш-чарада ички иштер органында өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарган мыкты кызматкерлер ИИМдин жана ОИИБдин төш белгилери жана ардак грамоталары менен сыйланышты. Ал эми облустук ардагерлерге акчалай сыйлык тапшырылып, сый тамак уюштурулду.

Мындан тышкары, президенттин жарлыгынын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов «Даңк» медалы менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×