Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондун Сарай участкасынын эли бузулган көпүрөнү өз күчтөрү менен оңдоп жатышат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагына караштуу Сарай участкасынын тургундары бир ай мурда бузулган көпүрөнү өз күчтөрү менен оңдоп жатышат. Бул тууралуу Чарбак айылынын тургуну Х.Балыбаев билдирди.

Анын айтымында, Арстанбап дарыясына салынган бузук көпүрөнү оңдоо иштерине Сарай участкасынын тургундарынын ар бири 100 сомдон акча чогултушту. Сарай участкасында 283 түтүн адам жашайт. Топтолгон каражатка көпүрөнү оңдоого зарыл арматура, темир тактай, зымдарды сатып алышты.

Тургундар балдарын бузук көпүрөдөн көтөрүп өтүшүүдө. Бузулган көпүрөнүн узундугу 10-11 метрге барабар. Ал үч жыл мурда курулуп, бир ай мурда бузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 338
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×