Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук жубайлар быйыл терген 400 кг жаңгакты кышында сатышат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы жубайлар Сайкал Кадыралы кызы жана Замир Калмырзаев жаңгак сатуу менен киреше табышат. Аймактык кабарчы элеттик жубайлардан кабар алды.

Сайкал Кадыралы кызынын айтымында, алар жыл сайын жаңгак аянтын ижарага алып, күз мезгилинде жаңгак терип, кышында сатыкка чыгарышат.

«Токойдо бир гектардай жерде жаңгагыбыз бар, жаңгак сезонунда бир ай ошол жерде болобуз. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу жаңгактын түшүмдүүлүгү жакшы болду. Өткөн жылы 200 килограммдан ашык жаңгак терип алганбыз. Эки-үч күн мурда жолдошум менен токойдон жаңгак терип келдик. Быйыл орточо эсеп менен 400 килограммдан ашык жаңгак тердик. Терген жаңгактарды үйгө алып келип, кургатуу үчүн жайып койдук. Ал эми, таза кургаган жаңгакты каптарга салып жыйнап коёбуз», - деди ал.

Жубайлар жаңгакты кардарларга дүң баада сатышат.

«Айылда башка жумуш жок болгондуктан баарыбыз күзүндө жаңгактын бышышын күтүп отурабыз. Кышында Базар-Коргонго азык-түлүк алууга базарга барганда эки кап жаңгак ала барып сата келебиз. Учурда кошуналарыбыз, туугандарыбыз жаңгактын килограммын 80-90 сомдон сатып жатышат. Ал эми биз кышында сатабыз. Токойдун бир гектар жерин ижарага алганыбыз үчүн 40 килограмм жаңгак беребиз. Бул биздин негизги киреше булагыбыз болуп саналат», - деди ал.

Жубайлар 4 баланы тарбиялашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 476
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 24 адам окуп жатат)
×