Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ош

Өзгөчө тойлор: Орозбек менен Кундуз «КамАЗ» коштогон тойдо клип тартышты

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын 22 жаштагы тургуну Орозбек Заирбек уулу эс тарткандан тартып «КамАЗ» айдайт. Бала кезинен үйлөнүү үлпөт тоюна «КамАЗ» менен барууну кыялданчу. Анын кыялы кинодогудай орундалганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мындан бир жыл мурун фура айдап келе жаткан жолдо жаш кыз бузулуп калган унаасынын жанында турганын көрдүм. Анын ордунда эркек бала болсо жолумду улап кете бермекмин. Өзүм эс тарткандан бери жолдо жүргөндүктөн ал кызды аядым. Унаамды токтотуп, анын бузулган унаасын карап берүүнү чечтим. Бирок тетиктерин карап чыгып, өзүм ал жерде оңдой албай турганымды сездим. Кызды орто жолдо калтырбай, оор жүк ташуучу унаама салып кеткем. Аны айылына жеткиргенден кийин жүк ташуучу унаамды таштап, жаныма досумду ээрчитип алып, бузулган унаага бардык. Ал унааны усталарга жеткирип, жубайым менен ошондон кийин жакшы тааныш болуп калдык. Бул мамилебиз сүйүүгө жетип, 2017-жылдын 1-июлунда баш коштук.

Бала кезимдеги кыялымды орундатып, үлпөт тойго 2 “КамАЗды” жасалгалап чыктым. Бул оюмду алгач саналуу гана адамга айткан элем. Той жакындаганда досторум жакшы кабыл алышты. Бул өзгөчөлүккө жакындарым да кубанышты. Ал эми, той күнү сейилдеп жүргөндө биздин унаанын жанына келип сүрөткө түшкөндөр арбын болду», - деди Орозбек.

Жолдо бузулуп калган унаасынын арты менен сүйүүсүн тапкан Кундуз 18 жашта. Ал Кара-Суу районунун Жарооз айылында өскөн.

Тема боюнча:

29.09.2017«Өзгөчө тойлор»: Ысык-аталык кичинекей Жоомарттын тушоосу Мамлекеттик тил күнү кесилди (фото)
17.10.2017«Өзгөчө тойлор»: Улукбек менен Жаркынайдын үйлөнүү тоюна келгендер ар улуттун бийине түшүштү (видео, фото)
18.10.2017Өзгөчө тойлор: Алайлык депутат үлпөт тоюнда аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн азык-түлүк алып берди (фото)
21.10.2017Той сезон: «КамАЗ», экскаватор, трактор жана «УАЗ» коштогон өзгөчө тойлор (фоторепортаж)
27.10.2017Өзгөчө тойлор: Исламбек менен Акылайды үлпөт тойдо жүк ташуучу унаалар коштоду (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×