Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Чаткалдагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 29 жаштагы Болот Аширбаев шайланды

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 29 жаштагы Болот Аширбаев шайланды. Бул тууралуу Терек-Сай айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, айыл өкмөттүн башчылыгына 6 талапкер ат салышты. Алардын үчөө добуш албай, Б.Аширбаев 5 добуш менен 2-турга өткөн. Ал 2-турда 10 добуш менен айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Болот Аширбев кесиби боюнча экономист. Буга чейин «Кыргыз алтын» ишканасында экономист болуп жана башка кен казуучу компанияларда иштеген. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1799
Көп окулду
×