Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо жол кырсыктан 6 адам жабыркады, айдоочу спирт ичимдигин ичкени аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жол кырсык катталып, 6 адам жабыркады, алардын экөө оор абалда.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык 29-октябрда Казарман айылындагы Тагай участкасынын 6-чакырымында катталган. «Тойота Витц» унаасы менен «Хонда Одиссей» унаалары кагышып, анын кесепетинен 6 адам ооруканага кайрылган.

Кийинчерээк «Тойота Витц» унаасынын айдоочусу менен бир жүргүнчүсү ичимдик ичкени аныкталды. Алар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшсө, эки жүргүнчү хирургия бөлүмүнө жаткан. Дагы эки жүргүнчү жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 534
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×