Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.10.2017 11:42

5 чакырым алыстагы ооруканага барган кара-башаттыктар үчүн жаңы ФАП ачылды

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат айылында жаңы ФАП пайдаланууга берилди. Акимдин орун басары Зарипа Калматованын айтымында, имаратты курууга түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 100 миң сом жана айыл өкмөттүн бюджетинен 210 миң сом бөлүнгөн.

«Айылдын тургундары буга чейин беш чакырым жол жүрүп, Кашка-Суу айылынын борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун көзөмөлүнөн өтүшчү. Эми жаңы ачылган ФАП 250 кожолукта жашаган миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт», - деди ал.

Медициналык мекеменин кечээ, 27-октябрда өткөн ачылышында райондун акими М.Мырзамамытов кызматкерлерди куттуктап, алардын ишине ийгилик каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×