Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 28-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.  

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Дөш айылында курулуш чарбадан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 75 чарчы метр чатыры, 180 түк беде, 400 боо жүгөрү бакалы жана отун күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Балдардын от менен ойногону өрткө себеп болгон.

Жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам Оштогу Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагынын Бабур айылында турак үйдөн өрт чыгып, 30 чарчы метр чатыры, 50 түк чөп күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×