Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Милициянын 90 жаштагы ардагери Артыкбай Камилов сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда милициянын ардагери Артыкбай Камилов «Милициянын 90 жылдык мааракеси» медалы менен сыйланды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубековдун айтымында, 90 жашка чыккан ардагерди куттуктоо жана медалды тапшыруу үчүн үйүнө облустук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков жана Ала-Бука РИИБдин башчысы Райымбек Сулайманов жетектеген жергиликтүү милиция кызматкерлери барды.  

1927-жылы туулган Артыкбай Камилов ички иштер органдарында 25 жыл эмгектенип, милициянын старшинасы наамы менен 1984-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Өзүнүн айтымында, кызматынын басымдуу бөлүгүндө айдоочу болуп эмгектенген. Учурда 30дан ашуун небере-чөбөрөсү бар.  

Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков белгилегендей, облус боюнча милициянын  800гө жакын ардагери бар.

«Ардактуу эс алууга чыккан милиция кызматкерлери наамына, кызмат даражасына карабастан тең укукта болушу керек. ИИМ жетекчилиги жана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан А.Камилов сыяктуу ардагерлердин эмгеги бааланып келет», - деди ал.  

Ардагерди куттуктагандан кийин облустук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы жана өкүлдөрү Ала-Бука РИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, Кыргызстандын милициясынын 93 жылдык майрамы менен куттукташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×