Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото, видео - Бишкекте бычакталган милиционерди С.Өмүрзаков, М.Конгантиев жана жакындары жерге беришти

Turmush -  Бишкек шаарында кечээ, 26-октябрга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн милициянын 25 жаштагы улук лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович акыркы сапарга узатылды. Анын денеси бүгүн, 27-октябрда өзү төрөлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында жерге берилди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Уларбекти акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы эскерүү митингине ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, кесиптештери, ИИМдин мурунку жетекчиси Молдомуса Конгантиев, достору жана жакындары катышты. Маркум үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу.

Кесиптештери Уларбек шайыр, кичи пейил, жоопкерчиликтүү, тайманбас, чындыкты айткан жигит болгонун эскеришип, мекенине ак кызмат өтөгөнүн белгилешти.

Маркумдун эң жакын досу Бектур Сулайманов акыркы жолу жолукканда досу: «Үйлөнөм досум, тойго даяр бол» дегенин айтты. «Досум элпек жана ишине так жигит эле. Ал мыкты дос болчу», - деди Бектур.

Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкери, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында төрөлгөн. 1999-жылы №1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине 1-класска кирип, мектепте эркин күрөш менен машыгып, бир катар ийгиликтерге жетишкен.

2014-жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктап келип, ошол жылдан тарта ички иштер органдарында эмгектенип жаткан. Эмгек жолун аймактык милициянын инспектору болуп баштаган эле. Коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошуп, жакшы ийгиликтерге жетишкени үчүн 2016-жылы ага лейтенант наамы ыйгарылган. Ошол эле жылы РИИБдин Криминалдык милиция бөлүмүнүн ыкчам өкүлү болуп дайындалган.

АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, У.Майрамбеков окуядан бир күн мурун өндүрүштөгү материалдарды жана куралын тапшырып, эмгек өргүүгө чыгуу тууралуу рапорт жазган. Ал уруксат сураганын үйлөнүү тойго даярданып жатканы менен түшүндүргөн эле.

Акыркы күнү Уларбек жумуштан чыккандан кийин кесиптешинен унаасы менен Бишкектеги кесилиштердин бирине жеткирип коюуну суранган. Кийинчерээк анын бычакталган жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ыкчам жана тыкыр тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек ШИИБдин жалпы жамааты, жетекчилиги жана ардагерлер У.Майрамбеков жоопкерчиликтүү, кең пейил жана ак ниет кызмат кылганын белгилеп, үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Уларбек Майрамбековдун бычакталган денеси табылган жер (Н.Исанов менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×