Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-коргондук дыйкандар түшүмүн «Кара өрүк» жармаңкесине алып чыгышат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда «Кара өрүк» жармаңкесин өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Райондук администрациянын жетекчиси Калчабү Үсөнбаеванын айтымында, иш-чара 28-октябрга белгиленген.

«Иш-чара Евробиримдиктин колдоосу менен уюштурулууда. Жармаңкеде райондо өстүрүлгөн жашылча-жемиштердин, азык-түлүк жана тамак-аштын түрү коюлат. Эки боз үй тигилип, кырктан ашык ишкерлер жана мекемелер катышат. Ошондой эле, жармаңке концерттик программа менен коштолуп, искусство мектебинин окуучулары сахналаштырылган оюн-зоок тартуулашат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 456
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×