Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.10.2017 17:30

Видео - Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңештеги буга чейин түзүлгөн «Жаңы багыт» коалициясы тарап, төрт фракция бириккен «Ийгилик» коалициясы түзүлдү. Ал эми, «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары — оппозицияда. 

Аймактык кабарчы билдиргендей, көпчүлүк коалицияга «Ата Журт», КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Республика — Ата Журт» партиялары бирикти. Ал эми, алардын лидери болуп С.Чимбердиев шайланды.

Жаңыдан бириккен депутаттардын айтымында, кезектеги сессия 8-ноябрга белгиленди. Анын алкагында шаардык кеңештин төрагасы жана туруктуу комиссиялардын курамы бекитилет.

КСДП фракциясынын өкүлү А.Мамасадыков шаар мэрлигине С.Авазовдун талапкерлигин кароо сунушу күчүндө калганын кошумчалады.


Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары 2017-жылдын май айында шайланган болчу. Андан бери эл өкүлдөрү мэрди шайлай албай убара.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×